ЕАЭБдин соңку кадамдары: улуттук валюта менен эсептешүү арбып, ИДП өскөн. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук ЕАЭБ менен ЕБдин экономикасындагы өсүштөрдү, андан сырткары, өз ара эсептешүүдө доллар, евронун азайганын, Евразия биримдигине мүчө мамлекеттердин улуттук валютасы аркылуу эсептешүүдөгү оң көрсөткүчтөрү туурасында айтып берди.
Сандарга кайрылсак, 2024-жылы ЕАЭБдегилердин ИДПсы 4,6 пайызга жогорулап, ал эми ЕБде болгону 0,8 пайыздык өсүү болгон.
Россиянын өнөктөш өлкөлөрүн карай келгенде төмөнкүдөй картина келип чыгат:
Беларусь +4 пайыз;
Кыргызстан +9 пайыз;
Армения +5,9 пайыз;
Казакстан +4,8 пайыз;
Азербайжан +4,1 пайыз;
Өзбекстан +6,5 пайыз;
Тажикстан +8,4 пайыз.
РФ менен Грузиянын сакталып калган соода мамилеси 9,4 пайыз өсүштү көрсөтсө, ал эми Евробиримдикке баш койгон Молдовада 0,1 пайыз болгон.
"Балтика боюнча мурдагы шериктеш Эстония, Латвия, Литва туурасында кеп кылбайбыз, аларда төмөндөгөн көрсөткүч бар. Тагыраагы, -,3, -0,4, +2,7", — деген Оверчук Федерация кеңешиндеги жыйында сүйлөп жатып.
Вице-премьердин айтымында, доллар, евронун аталган рыноктогу "жүрүшү" мурдагыдан алда канча азайган. Россиянын ЕАЭБ өлкөлөрү менен улуттук валютадагы эсептешүүлөрү 93 пайызды түзгөн. Алака активдүү болгон Кытай — 95, Индия 90 пайызды камсыздаган.
Вице-премьер былтыр россиялык эл аралык соодада улуттук акча менен соода жүргүзүүнүн үлүшү 79,8 пайызга чыкканын, 2020-жылы 25 пайыз болгонун кошумчалады.
Оверчук евразиялык интеграциянын кандай пайдасы бар экенин айтып берди