Ошто кызыл сызыктан чыккан үй буздурулуп жатканда өспүрүм кыз жаракат алды

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ош шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен үй буздурулуп жатканда өспүрүм кыз жаракат алды. Маалыматты Ош ШИИБинен тастыкташты.
Ага ылайык, окуя 12-апрелде болуп, үйдүн ичиндеги 6-класстын окуучусунун башына, колуна кыш тийип, ооруканага кайрылган.
"Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлгөн. Ал жерде иштеген мэриянын кызматкерлери суракка чакырылып, экспертизалар дайындалды", — деп билдирди милиция.
Башкы прокурор мыйзамсыз жер бергендер боюнча: кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен