БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Светлана Журова Москвадагы кыргызстандыктардын кармалышы боюнча кырдаалга комментарий берди.
Ал белгилегендей, мындай окуялар укук коргоо органдарынын адилеттүү иликтөөсүнөн кийин гана чечилет.
“Элди тынчтандырып, абалды жөнгө салуу үчүн териштирүү адилеттүү жүрүшү керек”, — деди Журова.
Депутат айрым Батыш өлкөлөрү кырдаалдан пайдаланып жатканын, андыктан акыйкат териштирүү зарыл экенин айтты.
Журова Кыргызстан менен Россиянын мамилеси жакшы экенин, ортодо тажрыйба алмашуу болуп, Кыргызстанда орус тилдүү мектептер курулуп, ар кандай биргелешкен иш-чаралар өтүп жатканын кошумчалаган.