Лейтенант Мамасалы Тешебаев
Ал 1923-жылы 17-ноябрда Ош облусуна караштуу Куршаб районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Тогуз-Булак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мамасалы эки иниси болуп эрте эле жетим калат. Өзү алгач мектепти бүтөт. Согушка чейин Оштун Кызыл-Октябрь колхозунда эмгектенет.
1942-жылы Куршаб райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армияга чакырылат. Воронеж фронтунда 47-армиянын 218-аткычтар дивизиясынын 667-аткычтар полкунда наводчик болуп кызмат өтөй баштайт.
Днепрден өтүп бара жатканда жана оң жээктеги плацдармды кеңейтүүдө каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1943-жылы 24-сентябрда Тешебаев биринчилерден болуп Украинанын Черкассы облусуна караган Пекари кыштагынын түштүк жагында Днепрден өтүп, басып алынган жээкке жайгашат. Каарман артиллерист душманга ок жаадырып, полктун башка аскерлеринин дарыядан өтүшүн камсыздап, аларды калкалаганга аракет кылып турган.
25-сентябрда басып алышкан плацдармды кеңейтүү үчүн болгон согушта кыргыз жоокер фашисттердин бир автоунаасын, 25ке чукул гитлерчини жок кылган. 26-27-сентябрдагы ок-дары тартыш болгон кармашта душмандын контрчабуулдарынын мизин кайтарган.
27-сентябрда огу түгөнгөн Тешебаев айыгышкан артиллериялык жана минометтук салгылашта өзүнүн күчү менен от күйүп жаткан жерге снаряддарды жеткирип, керектүү маалда фашисттик аскерлерди көздөй ок жаадырган. Таамай тандалган учурдан улам фашисттердин чабуулунун мизи кайтарылган. Ошол эле күнү кечинде согуш катуу жүргөн жерге гитлерчилердин 12 аскери жылып келген. Артиллериялык бригада апкаарып калбастан, автомат жана мылтык менен топту чачыраткан. Айыгышкан салгылаштардын биринде Тешебаев оор жаракат алып, советтик жоокерлер таап алгыча бир сутка эс-учун билбей жаткан. Госпиталдан айыгып чыккандан кийин командачылыктын чечими менен мекенине кайтыш керек эле, бирок ал өз каалоосу менен кайрадан майданга кирген.
1944-жылдын 3-июнунда СССР Жогорку Советинин президиуму тарабынан немецтик баскынчылар менен күрөштө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Мамасалы Тешебаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Кызыл Жылдыз медалы ыйгарылган.
Мекендешибиз аны менен катар эле кийинки жылдары III даражадагы Даңк ордени, Каармандык үчүн жана Согуштагы эрдиктери үчүн медалдары менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1946-жылы Астрахандагы жөө аскерлер училищесин ийгиликтүү аяктаган. Львов аскердик округундагы зениттик-пулеметтук взводдун командири болуп кызмат өтөгөн. 1947-жылы лейтенант Тешебаев запаска бошонгон. Согуштан кийин Отуз Адыр совхозунда пахтачылар бригадасынын бригадири болуп иштеген. 1984-жылы 23-мартта дүйнө салган.
1985-жылы Киев шаарындагы көчөлөрдүн бирине Мамасалы Тешебаевдин ысымы берилген.