Пресс-борбор

РФ соода өкүлү: Кыргызстан экспортунун 30%ы Россияга туура келет

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын сыртка саткан товарынын 30 пайызга жакыны Россияга кетет. Бул тууралуу РФтин республикадагы соода өкүлү Айнур Сманов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуу жогорулаганы байкалган.
РФтин республикадагы соода өкүлү Айнур Сманов
"Соода улам күч алууда. Суроо-талап негизинен жеңил өнөр жай, трикотаж товарларына чоң. Акыркы жылдары Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын сапаты кыйла жакшырды. Республика агроөнөр жай тармагы боюнча да көп нерсе сунуштай алат", — деген Сманов.
Өкүл азыркы тапта өндүрүштү жолго коюп, кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи.
Радио
РКӨФ быйыл 145 млн. долларга долбоорлорду каржылайт