БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Чүйдөгү Шамшы дарыясына чакан ГЭС курууга 1 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков кабарлады.
Маалыматка ылайык, станциянын жалпы кубаттуулугу жылына 600 миллион кВт/саатты түзөт. Шамшы дарыясындагы станция жылына 10 миллион кВт/саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат.
"ГЭС ишке кирсе Чүй районунун электроэнергияга болгон муктаждыгынын 10 пайызы жабылат. Ал эми курулуштун жалпы наркы 2 миллион доллардан ашса, анын теңин РКӨФ бөлгөн", — деди Новиков.
© Фото / пресс-служба РКФР
Бул — фонддун жардамы менен курулуп жаткан 16 энергетикалык объектинин бири. Айрымдары эксплуатацияга берилсе, быйыл төрт ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.