Шашылыш билдирүү: өлкөнүн түндүгүндө үшүк жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Эртең Чүй, Таластын тоолуу аймактарында жана Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, нөлдөн төмөнкү температура 17-апрелде түнкүсүн жана күн чыкканга чейин кармалат.
"Мындай үшүк гүлдөгөн, бүчүр ачкан жемиш бактары үчүн кооптуу", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Кыргызгидромет аталган аймактарда 17-апрелде гана жаан-чачын болбой турганын билдирген.
Күндүн табы 34 градуска жетет! Май айына карата аба ырайы