Бишкек — Ош автожолунда 750 метрлик тоннель курулат

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолунда, Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосунда 750 метрлик тоннель курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик япониялык компания менен келишимге кол койгон.
"Тоннель жолдун 400-чакырымына салынат. Курулуш иштери быйыл июнда башталат", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө тоннелдерден өтүү акысын кымбаттатуу сунушталды. Тизме