Бишкекте "Мурас" комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы тапшырылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте "Мурас" турак жай комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан.
Бүгүн үй алгандардын арасында мигранттар, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, 50 пайызын төлөгөн ишкерлер дагы бар.
Белгилей кетсек, "Мурас" турак жай комплекси Бишкектеги мурдагы № 47 түзөтүүчү колониянын ордунда жайгашкан. Өткөн жылдын декабрь айында ошол жерден 510 ипотекалык батир берилген. 39 блоктон турган ушул эле комплексте (18 жана 24 кабаттуу) жалпысынан 4 745 батир курулууда. Президент курулуш иштери 2026-жылдын соңуна чейин толугу менен бүтөрүн белгиледи.
1 / 4

Бишкекте "Мурас" турак жай комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды

2 / 4

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан

3 / 4

Бүгүн үй алгандардын арасында мигранттар, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, 50 пайызын төлөгөн ишкерлер дагы бар

4 / 4

Белгилей кетсек, "Мурас" турак жай комплекси Бишкектеги мурдагы № 47 түзөтүүчү колониянын ордунда жайгашкан

Учурда республика боюнча жалпысынан 60 миңден ашык батир курулуп жатат.
Буга чейин президенттин катышуусунда Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан үйдөгү 612 батирдин ачкычы тапшырылган.
Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы өсөт. Жапаров себебин түшүндүрдү