Бишкекте жаратмандар үчүн жакшы иш-чара өткөнү турат. Тактап айтканда “Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук, инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү жана стимулдаштыруу” аттуу жыйын өтөт. Анда бийлик өкүлдөрү, жаратмандар, илимпоздор эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулат. Ошондой эле кыргызстандык ойлоп табуучулардын колунан чыккан буюмдар жана өндүрүштөр көргөзмөгө коюлат.
Иш чаранын масштабы жана максаты тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин экспертиза башкармалыгынын өнөр-жай менчик обьектилерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Артык Базаркулов айтып берди.