Мыйзамга ылайык, акыл-эсинин жана дене-боюнун өнүгүүсү бузулган, ар кандай оор дарттар менен ооруган балдар милдеттү түрдө билим алууга укукту. Мындан улам аларды мектептик билим берүү менен камтууну көбөйтүү, окутуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле алардын башталгыч, негизги жана орто жалпы билималууга укуктарын коргоо максатында Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы №137 токтому менен балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилди. Анын алкагында эгерде окуучу оор дартына байланыштуу сабакка катыша албаса, медициналык корутундунун негизинде жеңилдетилген программа менен жеке билим ала алат. Ал эми алыстагы балдар онлайн түрдө жеке билим алганга мүмкүнчүлүгү бар. Буга чейин мындай балдар кийинки окуу жылына (ордунан калтыруу) калтырылып келген.
Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” берүүсүнүн коноктору айтып беришти.