“Улуттук” макам алган Маданият жана искусство университетинде эми эмне өзгөрөт? - Окуу жайдын жетекчиси Түмөнбай Колдошов менен маек

Sputnik
Жакында эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине “улуттук” макамы берилди. Эми мындан нары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети аталат.
Макам менен кошо окуу жай кандай артыкчылыктарга ээ болуп, кандай милдеттерди артынат? Студенттерге билим алууга кандай шарттар түзүлдү? Келечекте кандай иштер аткарылат?
Ушул жана башка суроолорубузга аталган окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов жооп берди.