ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 14,8%га кыскарды

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 14,8 пайызга кыскарды. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, февралга карата уюмга мүчө беш өлкөдө 704,9 миң жумушсуз катталган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 827,5 миң болчу.
Ал эми Кыргызстанда жумушсуз катары 48,4 миң адам катталган. Былтыр алардын саны 65,1 миң эле.
Радио
Мамытов: ЕАЭБ кооперацияны колдоодо, Кыргызстан пайдаланып калышы керек