БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жакында Украинага барган Улуу Британиянын падышасынын уулу, ханзаада Гарриге пасхага карата жасалган кулич белек кылышкан, эң кызыгы, ал украиндердин эмес, орустардын наны болуп чыккан. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Майрамдык токоч орустардыкы экенин украиналык улутчулдар социалдык тармакка жазып, чуру-чуу түшүшкөн.
Айтылгандарга таянсак, токочтун үстүн аппак кылып жасашкан, бул украиндерге тиешелүү эмес, алардыкы өрүм болуп кооздолот да, кайчылашкан сүрөт түшүрүлөт. Ал эми ханзаадага тартууланган нандын үстү ак түстөгү таттуу шириндик менен капталган.
Британиялык журналисттердин маалыматына караганда, Сассекс герцогу Львовдогу госпиталда жаткан украиналык аскерлерге жолугуу үчүн барган.