Сабырбек Жумабеков Травматология борборунун директору болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Сабырбек Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Буга чейин ал Кыргыз медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы жана Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунун директору кызматтарын аркалаган.
Сабырбек Жумабеков – травматолог, хирург-ортопед, медицина илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги, Россия Илимдер академиясынын мүчөсү, КРдин илимине эмгек сиңирген дарыгер жана эмгек сиңирген ишмер. Ал 40 миңден ашык операция жасаган, алардын арасында уникалдуулары дагы бар.
Ортопед Жумабеков: Кыргызстанга алгачкы робот-хирург алып келинет