Иш-чарага Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан, Түштүк Осетиядан делегаттар жана Россиядан келген эксперттер катышкан.
Конференцияда жакынкы чет өлкөлөрдөгү мекендештердин уюмдарын биримдикке чакыруу, мекендештердин укугун коргоо, постсоветтик мейкиндикте орус тилин, маданиятын жана каада-салтын жайылтуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата аткарыла турган иш-аракеттер ортого салынган.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов коноктордун катарында болду. Ал иш-чарага СССРдин мурунку 11 республикасынан жаштар келгенин белгилеп, элчилик активисттердин алгылыктуу демилгелерин колдой турганын кошумчалады.
Тема боюнча: