Мамдума депутаты: айрым жагдайлар орус-кыргыз мамилесин бузбашы керек

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кээ бир жагдайлар Россия менен Кыргызстан элинин мамилесин эч качан бузбашы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты, "Евразия" автономиялык бейөкмөт уюмунун төрайымы Алена Аршинова өзүнүн Telegram каналында билдирди.
"Биздин "Салттуу баалуулуктардын аймагы" аттуу флагмандык программабызга Кыргызстан биринчилерден болуп кошулганын абдан баалайбыз. Биз биргелешип жаштарды тарбиялоого, мектептерге жардам берүүгө жана тарыхый чындыкты сактоого багытталган чоң масштабдуу билим берүүчү, патриоттук долбоорлорду ишке ашыруудабыз", — деген Аршинова.
Ал Москвада кыргызстандыктардын кармалышы боюнча болгон окуя мыйзам чегинде чечилип, кырдаал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы бекем достукка доо кетирбейт деген ишенимин билдирген.
Кыргызстан Россиядан 11-апрелде Москвадагы "Бодрость" мончо комплексинде кыргызстандыктар массалык түрдө кармалганы тууралуу маалымат берүүнү суранган. Окуяга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлигине Россиянын элчиси Сергей Вакунов чакырылган.
"Евразия": Кыргызстан — салттуу баалуулуктарды бекемдөөдө Россиянын жакын өнөктөшү