Мамдума төрагасы: Евродипломатиянын башчысын трибуналга бериш керек

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Евродипломатиянын башчысы Кая Каллас кызматынан четтетилип, БУУнун трибуналына берилиши керек. Бул туурасында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Telegram каналына жазды.
"Калласты кызматынан алып, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык трибуналына берүү зарыл", — деп жазган ал.
Володиндин айтымында, ал коркутуп-үркүтүп эле тим болбостон, Европалык биримдикке мүчө болчуларга да шарт коюп, алардын өкүлдөрү Россияда өтө турган Жеңиштин 80 жылдык юбилейине арналган иш-чараларга катышпасын деп талап кылууда.
Мамдума жетекчиси Калластын билдирүүсү дүйнөнү фашизмден коргоп өмүрүн бергендердин элесин урматтап-сыйлабоо экендигин кошумчалады.
Ар улуттан турган советтик 27 миллион адамдын өмүрү жана антигитлердик коалицияга мүчө өлкөлөрдүн 800 миңден ашык аскеринин каны менен сакталган тынчтыктын баасы ар дайым эсте болуп, унутулбашы, урматталышы керек. Володин саясатчылар бир гана катаны — суудай аккан каны менен тынчтык заман орноткондорго тургузулган эстеликтерди талкалап, мазактагандарды кечирбеши керектигин айтты.
"Ал жана өзүнө окшогондор дүйнөнү фашизмден сактап калгандардын эстеликтерин, элесин булгап, талкалагандар жооп бере турган бир мезгил келет. Биздин милдет — андай эстеликтерди коргоо", — деп жазды Мамдума төрагасы.
Володин Россияда нацизмди реабилитация кылууга тыюу салган мыйзам жана Калласка окшогондорду жоопкерчиликке тарткан нормалар бар экендигин эске салды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш Украинадагы нацизмдин бардык түрүнө көз жумуп келүүдө