Башкы прокурор өлкөдө объектилердин буздурулушу боюнча пикирин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жеке менчик ээсинин мүлкү алынса кенемте төлөнүшү керек. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Ага депутат Бактыбек Марипов өлкө боюнча объектилер жапырт буздурулуп, менчик ээлеринин укугу бузулуп жатканын айтып, чара көрүү маселесин көтөрдү. Буга башкы прокурор Конституцияда жеке менчик кол тийгис деп жазылганын эске салды.
"Жеке менчиктин мамлекеттик актысы болуп, мүлк мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынса, анда жарандарга кенемте төлөнүп же ага теңдеш жер тилке берилиши керек. Бирок Бишкек менен Ошто жолдорду кеңейтүү үчүн кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер бузулууда. Маалыматым боюнча, бул курулмалардын, конструкциялардын ээлеринде уруксат берүүчү документтер жок жана алар тротуарларды, ал тургай арыктарга чейин басып алышкан. Менимче, мындай объектилер бузулушу керек", — деди Асаналиев.
Ал жергиликтүү бийлик менен калк компромисске келиши керектигин кошумчалады.
ЖК депутаттары короолорду буздуруу модага айланганын айтып, мэрлерди сындады