БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Быйыл "Өчпөс полк" акциясы 9-майда кадимки тартипте өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде уюштуруучулар кабарлады.
Бишкектеги иш-чара адаттагыдай саат 9:00дө Түштүк дарбазадан башталат, бирок жүрүшкө чыкчулар бир саат мурун келип тизилип, даяр болушу шарт. Катышуучулар Абдырахманов көчөсү менен "Жеңиш" аянтына чейин басып келишет.
Ошондой эле акция Ош, Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта жана башка калктуу конуштарда да уюштурулат. Эске салсак, былтыр аталган акция коопсуздук маселесине байланыштуу өткөрүлгөн эмес.