Күндүн табы 34 градуска жетет! Май айына карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет май айына карата божомолун жарыялады.
Абанын айлык орточо температурасы
Ага ылайык, Кыргызстанда абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын көлөмү норманын чегинде болору күтүлүп жатат.
Жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8ден 13…18 градуска чейин, күндүз 19…24төн 28…33 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал. Кээ бир күндөрү температура 13…18 градуска түшөт.

Талас облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 12…17 градуска чейин, күндүз 17…22ден 27…32 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 11…16 градуска төмөндөшү ыктымал.

Ош облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9дан 14…19 градуска чейин, күндүз 21…26дан 29…34 градуска чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрү 15…20 градуска төмөндөшү мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9дан 14…19 градуска чейин, күндүз 21…26дан 29…34 градуска чейин көтөрүлөт. Кээ бир күндөрү 15…20 градуска төмөндөшү мүмкүн.

Баткен облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9дан 14…19 градуска чейин, күндүз 21…26дан 29…34 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү температура 15…20 градуска төмөндөшү ыктымал.

Ысык-Көл облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 8…13кө чейин, күндүз 14…19дан 22…27 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 8…13 градуска төмөндөшү мүмкүн.

Нарын облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин, күндүз 13…18ден 22…27 градуска чейин өзгөрүшү ыктымал. Кээ бир күндөрү 7…12 градуска чейин төмөндөйт.
Автобус каттап, асма жол болот. Туманбаев Ала-Арча паркы кандай өзгөрөрүн айтты