Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу арзандады. Кимге тиешелүү?

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу арзандады.
Өкмөт башчы кол койгон токтомго ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү эки литрге чейинки унааларды мыйзамдаштыруунун акысы 50 миң сом болуп, эки литрден жогоркулар үчүн 100 миң сом бойдон калды.
Мындан тышкары, транспортту Кыргызстанга алып келгенде чек арадан өткөн документи жок болсо, анда ал 2024-жылдын 30-декабрында өткөн деп эсептелмей болду.
Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун экинчи этабы жүрүүдө. Буга чейин анын баасы 100 миң сом деп белгиленген, бирок өткөн аптада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айдоочулар менен жолугушуп, баа эки эсе төмөндөй турганын убадалаган.
"Унаа": чет элдик номерлүү унааларды 1-этапта эч ким мыйзамдаштырган эмес