БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өлкөдө алгачкы ирет жер айдоо боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 26-27-апрелде Сокулуктун Кожомкул айылында болот.
"АЙДОО ФЕСТ 2025" фестивалында өлкөнүн булуң-бурчунан жети команда келип, бир талаада чеберчилигин көрсөтүшөт. Келгендер күчтүү техникалардын, тажрыйбалуу механизаторлордун таймаштарына күбө боло алышат", — деп жазылган маалыматта.
Баш байге:
1-орун — Lovol TE354 трактору, Россияда өтө турган жер айдоо боюнча чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгү;
2-орун — электроцикл (1500 кг), өнөктөштөр тарабынан берилген техника сатып алууга арзандатуучу сертификаттар;
3-орун — электроцикл (700 кг), өнөктөштөр тарабынан берилген техника сатып алууга арзандатуучу сертификаттар;
4-7-орундар — тиричилик техникалары жана акчалай сыйлыктар.
Кой кыркуу боюнча конкурс:
1-3-орун — жүн кыркуу үчүн атайын машинка, акчалай сыйлыктар;
4-7-орундар — тиричилик техникалары жана акчалай сыйлыктар.
Ошондой эле айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү, улуттук оюндар жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулганы кошумчаланды.