Ал 1910-жылы 15-июнда Саратов облусундагы Балтай кыштагында туулган. Армияда 1931-1933 жана 1941-1945-жылдары кызмат кылган. Согуштун алдында Фрунзе шаарындагы "Кондитер" артелинин токоч чыгарган цехинде мастер болуп иштеген.
1942-жылдын августунан тарта Сталинград, Центральный, Беларусь жана 1, 2-Беларусь согуштарына катышкан. Сталинград, Курскидеги кармаштарда, Украинаны, Беларусту, Польшаны бошотууда от кечкен. Германиянын аймагындагы салгылашта болуп, баш-аягы үч ирет жаракат алган.
1943-жылдын күзүндө Красильников Борбордук фронттун 65-армиясынын 685-полкунун пулеметчиги болуп кызмат өтөгөн. Днепрден Красильников ийгиликтүү өткөн, бирок жолдогу жарылуу анын кайыгын алыс ыргыткан. Анткен менен жээкке жеткен кызыл армиячы пулеметун орното салып, душманга ок жаадырган. Айыгышкан кармашта Красильников жана анын жанындагы жолдошунан башка бардык майдандаштары окко учкан. Тирүү калган экөө немецтердин 30 аскерин, офицерлерин жок кылып, негизги күчтөр келгенге чейин плацдармды колдорунан чыгарбай кармап турушкан.
Жогорку Советтин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 30-октябрда Иван Красильниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары III даражадагы Даңк ордени, Сталинградды коргоо үчүн жана башка медалдар менен сыйланган.
Согуш бүткөндөн кийин Фрунзеге кайтып келип, жашап иштеген. 1968-жылы 13-январда дүйнө салган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.