Пресс-борбор

Аталарыбыз менен бирге басып бараткандай сезилет. Генерал "Өчпөс полк" тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жыл сайын өлкөнүн ар кайсы аймактарында өтүп жаткан "Өчпөс полк" акциясы ата-бабалардын эрдигин эскерип, муундарды бириктирүүнү улантууда. Бул тууралуу Афган согушунун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин "Күжүрмөн боордоштук" коомдук кыймылынын Кыргызстандагы башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Афган согушунун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин "Күжүрмөн боордоштук" коомдук кыймылынын Кыргызстандагы башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
"Мен үчүн аталарыбыздын сүрөттөрү менен шаардын көчөлөрүн кыдыруу – сыймык. Алар тирүү болбосо да баарыбыз бир катарда басып бараткандай сезилет. "Өчпөс полктун" ар бир катышуучусу ушундай сезсе керек деп ойлойм", — деди Чотбаев.
Ал белгилегендей, долбоор биринчи кезекте аталар менен чоң аталардын элесин сактоого жана патриоттуулукка тарбиялоого багытталган.
"Катышуучулардын саны жыл сайын өсүүдө. Былтыр гана коопсуздук максатында иш-чара кеңири масштабда өткөрүлбөй калды. Ошентсе да үйлөрдүн короолорунда, айылдарда уюштурулду", — деди генерал.
"Өчпөс полк" акциясы — бул Улуу Ата Мекендик согушка катышкан муундун элесин сактоо боюнча эл аралык коомдук жарандык-патриоттук кыймыл. Жеңиш күнүндө кыймылдын катышуучулары колонна менен шаарлардын көчөлөрүн аралап, согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрү менен өтүшөт.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Самат Садыков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры