БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коргоо министрлигинин Баткендеги "Мурас" аскердик бөлүгүндө 450 миң сомдук товар кымырылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат булактары билдирди.
Ага ылайык, каражат аскердик бөлүктүн керектөөсүнө багытталган.
Бул факт боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык милдетине байланыштуу өзүнө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен бөлүктүн Э.Т.Ж. аттуу командиринин орун басарына айып тагылып, иш сотко өттү.