БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Максат Асаналиев жерди мыйзамсыз бергендердин жоопкерчилиги тууралуу айтып жатып, көбүндө кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенин билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев өлкөдө мыйзамсыз объектилер бузулуп жатканын белгилеп, ага уруксат бергендердин жоопкерчилиги тууралуу сурады.
Асаналиев бул татаал жана терең маселе экенин айтып, 90-жылдардан бери жергиликтүү бийлик жер берүү боюнча чечимдерди кабыл алып келгенине токтолду.
"Бул Жер кодекси кабыл алынганга чейин башталып, 2000-жылдары да уланган. Жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча документтер көбүнчө 20-30 жыл мурун берилген. Мыйзам боюнча, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти. Жерди мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча материалдар сотко жөнөтүлүп, мамлекетке кайтарылат. Бирок мөөнөтү өтүп кеткени үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес", — деди Асаналиев.
Ал буга чейин жарандардын мүлкү мамлекеттин муктаждыгына алынса кенемте төлөнүшү керектигин айтып, бирок учурда Ош, Бишкекте кызыл чийинден өтүп кеткендердики бузулуп жатканын белгилеген.