РКӨФ өзгөчө балдардын реабилитациялык борборуна 460 миң доллар бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өзгөчө балдар үчүн реабилитациялык борборго 460 миң доллар бөлүп берди. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордо аутизм, Даун синдрому менен жабыркаган, ДЦП жана башка өрчүүсү жайыраак балдарды калыбына келтирүү колго алынган.
Клиника бул каражатка имарат куруп, оңдоп, жаңы жабдуу сатып алды. Борбор март айынан бери 100гө чейин кичинекей бейтаптарды кабыл алууда.
1 / 2

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өзгөчө балдар үчүн реабилитациялык борборго 460 миң доллар бөлүп берди

2 / 2

Маалыматка ылайык, борбордо аутизм, Даун синдрому менен жабыркаган, ДЦП жана башка өрчүүсү жайыраак балдарды калыбына келтирүү колго алынган

Фонд Кыргызстанда өндүрүш жаатын гана эле эмес, социалдык долбоорлорду да колдоп келет.
Өлкөдө РКӨФ колдоосу менен телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн завод ачылды