16-апрелге карата аба ырайы

16-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Шаршембиде бийик тоолуу райондордо кар жаап, сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 14…19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 17…22, Ысык-Көлдө 10…15, Нарын чөлкөмүндө 9…14 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 16…18 жана Ош шаарында 19…21 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы 34 градуска жетет! Май айына карата аба ырайы