Пейил оңолот. Соңку жылдары кыргыздын пейили кандай болуп өзгөрдү?

Sputnik
Пейил адамдын ички мүнөзүнөн, мамилесинен, сөзүнөн, көзүнөн байкалып турат. Ал жакшы, жаман болуп бөлүнөт. Пейилиң менен элге, жерге, Жаратканга жагасың же жакпайсың. Кыргыздын пейили анын меймандостугунда эмеспи. "Конок үйдүн куту" деген нуска сөздү бекем тутушуп, үйүнѳ келген конокту кой сойуп сыйламайынча кетирген эмес. Жүзү жаркылдап, кызытып кымыз берген. Айттырбай келген конок үчүн да берер тамагы ар дайым белен болгон. "Үйгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет"деген түшүнүктү бекем сакташып, келген конокту кут деп эсептешкен.
Азыр ушул маданиятыбызды сактап кала алдыкпы? Соңку жылдары кыргыздын пейили өзгөрдүбү ?Пейилдин коомго таасири кандай?
Ушул жана башка суроолорго жоопту "Көз мончок" берүүбүздөн уга аласыздар.