Өлкөдө аллергия менен ооруган балдар көбөйүүдө — симптомдору жана туура дарылоо жолдору

Sputnik
Аллергия оорусу дүйнө жүзү боюнча көбөйүүдө. Кыргызстандын жашоочуларынын 20 пайызы аллергия менен жабыркашат. Азыркы тапта бул ооруга кичинекей балдар көп кептелип жатат. Жазгыаллергияда бейтап чүчкүрөт, көзү кызарат жана энтигип калышы ыктымал. Аллергиянын анализдери өтө көп. Бирок алардын ичинен молекулардык анализ эффективдүүрөк, ал “Алекс-2” деп аталат. Аллергиянын симптомдору сасык тумоого окшош болгондуктан бейтаптар кеч кайрылышууда. Мунун кесепетинен бронхиалдык астма пайда болушу ыктымал.
Бул ооруну аллергологдор дарылашат. ММК полиси аркылуу аллергиянын дарыларын 50-90 пайыз жеңилдетүү менен сатып ала алышат. Бул тууралуу бүгүнкү “Ачык кеп” программасынын коноктору кеп кылышты.