Кыргызстандагы банктарда жарандардын 605 млрд. сомдон ашык депозити бар — финансылык сабаттуулук жогоруладыбы?

Sputnik
Кыргызстанда жыл сайын “Глобалдуу акча жумалыгы” өтүп, иш-чара финансылык сабаттуулуктун актуалдуу маселелерин талкуулаган аянтчага айланды. Анда мамлекеттик сектордун, финансы институттарынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана финансылык блогерлер каражат коопсуздук маселелери боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Акчаны кантип туура пайдалануу керектиги, депозитке каражат салуу иштери тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев айтып берди.