Бул ирет “Күн Башат программасынын алкагында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовго байланышып, телефон аркылуу маек алдык. Нарын облусунун АТР иштери кандай жүрүп жатат, кайсы этапта, жумуш орундарын түзүү боюнча кандай аракеттер жүрүп жатат, Нарында соңку жылдары туризм жакшы өнүгүп жатат, бул багытта кандай иштер аткарылууда, айдап-себүү иштерине даярдыктар, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата облуста жасалып жаткан иш-чаралар, түндүк -түштүк альтернативалык жолунун курулушу жана ошондой эле инвестиция тартуу, облустун инвестициялык портфелин даярдоо багытында да суроолор берилди.