Президенттик шайлоону мындан ары октябрда эмес, январда өткөрүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президенттик администрация Кыргызстанда президенттик шайлоону дайыма январдын аягында өткөрүүнү сунуштады.
Президенттик шайлоо жөнүндөгү буга чейинки конституциялык мыйзамда добуш берүү октябрдын үчүнчү жекшембисине дайындалат деп жазылган.
Администрация датаны жылдырууга 2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоо себеп болгонун түшүндүрдү.
Дастан Бекешев: парламент миллионерлердин элиталык клубуна айланат