БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылында сел жүрүп, унааларды агызып кетти.
Сел саат 15:30да кыска убакытка мөндүр аралаш жааган жамгырдан кийин башталган.
ӨКМ суу бир үйдүн короосун каптап, бир унааны агызып кеткенин билдирди. Бирок соцтармакта тараган видеодон ташка кептелип калган экинчи унааны да көрүүгө болот. Мындан тышкары, көпүрө талкаланып калган. Жабыркагандар жок.
Жеринде куткаруучулар иштеп жатканы айтылды.