ТИМ Москвада кармалган кыргызстандыктар боюнча РФтен маалымат сурады

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан 11-апрелде Москвадагы "Бодрость" мончо комплексинде кыргызстандыктар массалык түрдө кармалганы тууралуу маалымат берүүнү суранды.
Окуяга байланыштуу бүгүн КР Тышкы иштер министрлигине Россиянын элчиси Сергей Вакунов чакырылып, аны менен министрдин орун басары Алмаз Имангазиев жолукту.
"Россияга укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операция, ошондой эле күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү, күч колдонуу негизсиз болгон учурда Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилди", — деди ТИМ.
Министрлик ошондой эле кыргызстандыктардын укуктарын коргоо жана эки өлкөнүн союздаштык мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо боюнча чараларды көрүүнү суранды.
Россияда мыйзам бузган мигрант айдоочулук күбөлүк ала албастыгын айтышты