Ортопед Жумабеков: Кыргызстанга алгачкы робот-хирург алып келинет

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жакында Кыргызстанга биринчи робот-хирург алып келинет. Бул тууралуу белгилүү хирург, ортопед Сабырбек Жумабеков өзүнүн соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Дарыгер Кытайга болгон сапары жемиштүү болгонун айтып, ал жактын ортопедия, травматология жаатында жетишкен ийгилигин белгилеген.
1 / 2

Жакында Кыргызстанга биринчи робот-хирург алып келинет. Бул тууралуу белгилүү хирург, ортопед Сабырбек Жумабеков өзүнүн соцтармактагы баракчасынан билдирди

2 / 2

Дарыгер Кытайга болгон сапары жемиштүү болгонун айтып, ал жактын ортопедия, травматология жаатында жетишкен ийгилигин белгилеген

"Робот-хирургдарды чыгарган тогуз заводу (Кытайдын — ред.) бар экен. Бул сапарда биз робот-хирургдардын иштегенине күбө болдук. Өз көзүбүз менен көрүп, бирге катышып, баамдадык. Албетте, адамдык фактор биринчи орунда кала берет дечи, бирок робот-хирургдардын операцияга катышуусу — бүгүнкү күндүн талабы. Кудайым буйруса, жакын арада Кыргызстанда биз менен бирге биринчи робот-хирургдар өз ишин баштайт", — деген Жумабеков.
Ал ошондой Кытайдын үч күн кыдырса да бүтпөгөн медициналык көргөзмөсүнө катышышканын кошумчалаган.
Көрүүсү начар, төшү кирип кеткен, омурткасы кыйшайган балдар көбөйдү. Адистин маеги