Ошто ууруга кирген жигит 38 жаштагы аялды муунтуп өлтүргөн. Шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош шаарында 38 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип, 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү уурулукка кирип, маркумду муунтуп өлтүргөн. Ошондой эле ал унааны айдап качып кеткени айтылууда.
Шектүү кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү короодон табылды