БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Москвада өтө турган "Интервидение 2025" сынагына катышуу үчүн 15 ырчы күч сынашат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кабарга ылайык, сынактын финалы Москвада өтүп, баш байгеси 300 миң евро болот.
"Улуттук тандоо туру 23-апрелде саат 19:00дө башталып, "Маданият" жана "Музыка" телеканалдарынан түз көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Тандооого төмөнкү ырчылар катышат:
1.
Бек Исраилов;2.
Аксай Мукамбет уулу;3.
Камир;4.
Курал Чокоев;5.
Урмат Токомбаев;6.
Айжан Нусувалиева;7.
Адилет Жумабеков;8.
Тамга;9.
Ислам Акматов;10.
Миңжашар Мурзаев;11.
Марат Талантбеков;12.
Данияр Дөлөтбаков;13.
Азат Раимбердиев;14.
Каныкей.Эске салсак, популярдуу ырлардын эл аралык "Интервидение" конкурсу тарыхта алгачкы жолу уюштурулуп, аны өткөрүү үчүн 750 миллион рубль бөлүнгөн.