БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Караколдо мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн алгачкылары быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Бул мамлекеттин социалдык долбоору болгондуктан мугалимдер, дарыгерлер жана үйгө муктаж жарандар турак жайлуу болушат.
Бүгүн курулуш иштери менен президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев таанышты.
Каракол шаарынын башкы планынын негизинде 30 гектардан ашуун аймакта 69 көп кабаттуу үй курулууда. Жалпы 3105 батир пландалган.