"Убакыт-сааты келди". АКШда Россия тууралуу күтүлбөгөн билдирүү жасашты

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия Европаны каратып алууга умтулбайт, демек, аны менен мамилени түзүктөөгө убакыт келди. Мындай билдирүүнү Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор айтканын РИА Новости жазды.
"Европада ою ордунан чыкпай калган глобалисттик башкаруучу класс Россиянын жараткан коркунучу деген жалган нерсени ойлоп табууга аракет кылып жатат. Россия Европага басып кирүүгө кызыкдар эмес. Тынчтыкка келүүгө мезгил жетти!" — деп жазган ал.
Мартта Евродипломатиянын башчысы Кая Каллас берген маектеринин биринде Украина жеңилгенден кийин Россия Европаны каратып алат деп айтып, мунусу менен Киевди колдоо керек деген нерсесин негиздеген.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон 5-мартта кайрылуу жасаган. Анда Россия кыйыр түрдө Франция менен Европага коркунуч жаратып жатат деп билдирип, андан улам Франциянын өзөктүк куралын жалпы ЕБди коргоо максатында колдонуу жана бул жаатта талкууну баштоого чакырган. Ал эми АКШны Украина боюнча Вашингтондун НАТОдогу лидерлик ролуна байланыштуу өз позициясын өзгөрттү деген. Мындай билдирүүдөн кийин Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск Европанын Москва менен жарыша куралдануусу керектигин айткан.
Россия преиденти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда алар НАТОго мүчө өлкөлөргө кол салууга ниеттенбегендигин, бул маанисиз нерсе экендигин айткан. Россия лидери батыштык аткаминерлер өз элин ички көйгөйлөрдөн алагды кылыш үчүн өздөрү түзүп алган россиялык кооптуулук менен коркутуп-үркүтүп келгенин белгилеген.
Путин: Москва Европа менен иштешүүгө даяр, бирок ЕБ ишенимден кеткен