Балдардын укугун коргоо өлкөдөгү орчундуу иштердин бири. Анткени ар бир балага татыктуу жана бактылуу балалыкка шарт түзүп берүү коомчулуктун милдети. Бул нерсе биздин өлкөдө кандай ишке ашып жатат? Балдардын укуктарын бузуу учурлары кандайча аныкталат жана кандай чаралар көрүлөт? Эгер балага зомбулук кѳрсѳтүлүп жатса, кайда жана кантип кайрылуу керек?
Ушул жана башка суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев жооп берди.