Акыркы убактарда мотоскутерлердин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйүп, алардын көбү оор кесепеттерге алып келүүдө. Оор жаракаттар менен коштолгон, кээде өмүр бою майып болуп калууга алып келген кырсыктар, анын ичинде жаш балдар менен өспүрүмдөрдүн каза болгон учурлары дагы катталууда. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу скутер, мопеддердин катышуусунда быйыл 61 кырсык катталды. Анын кесепетинен 67 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы аталган унаалардын үч айдоочусу кырсыктан улам көз жумган. Бул статистикалык маалыматтарды эске алуу менен ИИМ укук бузуу кодексине жана жол кыймылынын эрежесине өзгөртүүлөр киргизилген.
Бүгүнкү күндө ал башка мамлекеттиккызматтар менен макулдашууга жөнөтүлгөнүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү айтып беришти.