Капитан Василий Сухов
Ал 1910-жылы 20-февралда Барановка (Змеиногорск району, Алтай аймагы) кыштагында жарык дүйнөгө келген. Беш класстык билими болгон. Андан кийин Кыргыз ССРине жашап-иштөө үчүн көчүп келген. 1932-1936-жылдары Кызыл Армияда кызмат кылган. Запастагы командалык курамдын квалификациясын жогорулатуу курстарын аяктаган.
1939-жылы кайрадан армияга чакырылган. 1941-жылдын июнь айынан тарта согушка кирет. 1944-жылы Михаил Фрунзе атындагы Аскер академиясынын биринчи курсун аяктаган. 1945-жылы январда капитан Сухов 1-Беларусь фронтунда 47-армиядагы 60-аткычтар дивизиясынын 1285-полкуна караштуу батальонду жетектеген.
Польшаны бошотууда каармандыгы менен айырмаланган. 1945-жылы 16-январда анын батальону Новы-Двур-Мазовецки шаарынын аймагында Висла дарыясынын өтүп, батыш жээктеги душмандын плацдармын басып алат. Кошумча күчтөр келгиче каршылаштарга оңбогондой зыян келтирип, позицияны кармап турушат. 1945-жылы 8-февралда Жеңишке үч ай калганда Сухов согушта курман болуп, Польшанын Пила шаарында жерге берилет.
1945-жылдын 27-февралында СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Василий Суховго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин, эки Кызыл Жылдыз, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ыйгарылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.