БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ош облусунун Беш-Мойнок айылында асфальт жана таш майдалоочу завод ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, завод күнүнө 2 миң тонна асфальт өндүрүп, саатына 550 тонна курулуш ташын майдалоого жөндөмдүү. Бордюр жана лоток чыгаруучу линиясы суткасына 4 миң даана бетон чыгара алат.
Завод иштей баштаганда 60 жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калк иш менен камсыз болору кошумчаланды.