Японияда алты ай бою өлкөнүн туристтик, инвестициялык артыкчылыктары жарнамаланат

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан ЭКСПО — 2025 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев, ишкердик жана маданий чөйрөнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын Япониядагы улуттук павильону
“Эркинбек Осоев ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнө катышуу өлкөнүн эл аралык аренадагы ишин илгерилетүү жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи. Улуттук павильон дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын бай маданий мурастары, уникалдуу жаратылышы, экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга багытталган”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 13-октябрга чейин павильондо презентациялар, ишкердик жолугушуулар, маданий иш-чаралар жана интерактивдүү көргөзмөлөр өткөрүлөрү кошумчаланды.
Кыргызстанда "Россиядагы билим берүү — 2025" көргөзмөсү өтүүдө. Видео