БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет 14-20-апрелде өлкө боюнча күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады.
Маалыматка ылайык, бул апта республика боюнча жаан-чачындуу болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Чүй, Талас
Аймакта апта ичинде 17-апрелде гана жаан-чачын болбойт. Калган күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Жуманын башынан этегине чейин маал-маалы менен жаан жаайт. Кээ бир күндөрү жамгыр катуулап, тоолуу аймактарда карга айланышы ыктымал.
Ысык-Көл, Нарын
Апта бою көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-апрель күнү гана жамгыр басылышы ыктымал.