"Ак бугуну" безеленте черткен белгилүү комузчу Анара Эсенгулова дүйнө салды

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу Анара Эсенгулова 62 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Анара Эсенгулова Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында оркестрдин солисти болуп эмгектенип, "Ак-Мөөр" опера-дастанында “Ак бугу” чыгармасын жогорку деңгээлде аткарып, эл оозуна алынган. Чебер комузчу “Ысык-Көл баяны" күүсүн чыгарган.
Муратаалы Күрөңкөев атындагы окуу жайда 15 жылдай кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуздан сабак берген.
Акыркы учурда "Түгөлбай ата" атындагы фонддо координатор болуп иштеп, кыргыз комузун пропагандалап, чет өлкөлөргө гастролго чыгып жүргөн.
Анара Эсенгулова “Жаштар" сыйлыгынын лауреаты, “Түгөлбай ата" эл аралык коомунун Кыргыз жылдыздары медалынын ээси, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.
Комузчунун сөөгү кечээ, 12-апрелде, Балыкчы шаарында жерге берилген. Маданият министрлиги комузчунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Өзү жөнүндө 6 куплет ыр жазып, дүйнө салган. Акын Эркалы Өскөналыны эскерген маек