БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Согуш өзүнөн өзү токтойт деген үмүттө Россиянын чыдамкайлыгын баалабай койгонго болбойт. Бул тууралуу Германиянын болочок канцлери Фридрих Мерц Handelsblatt басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, тарых орус эли укмуштуудай чыдамкай экенин көрсөткөн.
"Согуш кайсы бир учурда өзүнөн өзү токтоп калат деп үмүттөнүүгө болбойт. Анткени бул өлкөдө (Россия — ред.) кандайдыр бир саясий өзгөрүүлөр болоруна кепилдик жок", — деди ал.
Буга чейин саясатчы Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү боюнча ойлонбогонун айткан. Ошондой эле ал Украинада тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу идеясын колдой турганын кыйыткан. Ошол эле учурда ал согуш аяктаганга чейин Украинаны НАТОго кабыл алууга каршы болгон.