БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Ермек Кугабаев аттуу кишинин сөөгү табылганын Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 13-март күнү Кугабаевди издешүүнү суранып милицияга анын мурдагы аялы кайрылган. Арыз ээси мурдагы жолдошу туугандары менен январь айынан бери байланышпай калганын айткан.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция Кугабаевдин жоголушуна тиешеси бар деп К.Е. аттуу 40 жаштагы кишини аныктаган.
"Ал кылмышын жашырып, шектүү деген статусун күбө деп өзгөртүү үчүн тергөөчүгө 4 миң доллар сунуштаган. Бирок милиционер айтканына көнгөн эмес. К.Е. укук коргоочуга 325 миң сом берип жаткан жеринен кармалып, ал учур видеого түшүп калган", — деп жазылат маалыматта.
Тергөө учурунда шектүү Ермек Кугабаевди өлтүргөнүн мойнуна алып, сөөгүн короосуна көөмп койгонун көрсөтүп берген. Шектүүгө "Пара берүү", "Адам өлтүрүү" беренелери боюнча иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыштын башка жагдайлары аныкталып жатканы кошумчаланды.